• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча буйрукка кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын буйругу:

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечиминин 6-пунктуна ылайык аны ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүү жана баа берүү максатында:

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топ (мындан ары — Жумушчу топ) төмөнкү курамда түзүлсүн:

Сагынбаев Дамир Казакович — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

жумушчу топтун мүчөлөрү:

Абдралиева Гулмира Курманбековна — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы,

Турдалиев Эдуард Климович — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Кутнаева Нурия Асылбековна — Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору;

Абдуллаев Талант Тынычбекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору;

Нурматов Байыш Нурматович — И. Раззаков атындагы Мамлекеттик техникалык университетинин электроника жана телекоммуникация институтунун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коопсуздук изилдөө-талдоо борборунун жетекчиси;

Исмаилов Алтынбек Джапарович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы «Жогорку технологиялар паркы» мамлекеттик мекемесинин директору;

Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович — «Ачык Өкмөт» (OGP) эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Маматкеримова Гульмира Рысбековна — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Темир Казыбай — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Куренкеев Айбек Суербекович — Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Байкулова Ирина Султановна — «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Шаршеева Аида Шеримбековна — «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун менеджери (макулдашуу боюнча);

Шахин Татьяна Николаевна — «Digital Casa Кыргыз Республикасы» долбоорунун стратегиялык коммуникациялар жана санариптик лидерлик боюнча координатору (макулдашуу боюнча);

Сагындыков Турат Арстанбекович — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча секторунун инспектору.

Жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:

— ишке мамлекеттик органдардын жана уюмдарынын эксперттерин, консультанттарын, адистерин тартууга;

— коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.

Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий