• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сегиз гранттык орун. Кыргызстандыктар Беларуста акысыз билим ала алат

Билим 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жолугушууда тараптар билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашып, 2020-2021-окуу жылы үчүн Беларусь тарап Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду.

“Бүгүн Беларусияда IT-технология тармагы жакшы өнүгүп жатат. Буга чейин кыргызстандыктар сиздердин өлкөдөгү IT-академияда окуудан өтүп келишкен. Биз бул боюнча академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, - деди Каныбек Исаков.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Беларуста 26 Кыргызстандын жараны билим алып жатат. Алардын 20сы келишимдик негизде.

“Быйыл Беларусь өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы”, - деди Андрей Страчко.

Жолугушууда мындан сырткары, кыргызстандыктардын Беларустун баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында акысыз билим алуусу жана эки өлкөнүн техникалык багыттагы университеттеринин кызматташуусун жакшыртуу суроолору талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий