• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шаар тургунунун үйүнөн 3 унаа таштанды чыкты

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Бишкек шаардык Октябрь районунун администрациясы шаар тургунунун үйүнөн үч унаа таштанды алып чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарындагы Геология көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батири таштандыга толуп кеткен шаардын тургуну боюнча даттануу келип түшкөн.

Мындан улам, Октябрь райондук муниципалдык администрация кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, ага Мамэкотехинспекция, “Тазалык” ишканасынын, участкалык милиция кызматкери кирген. Аталган комиссия көп кабаттуу үйдү кыдырып чыккан.

Текшерүүнүн алкагында комиссиянын курамы аталган батирдеги бардык таштандыларды чыгаруу чечимине келген. Жыйынтыгында тазалык ишканасынын кызматкерлери тарабынан үч унаа таштанды чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий