• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо-2020. Шайлоочулардын 58%ы кимге добуш берерин чече элек - сурамжылоонун жыйынтыгы

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Сурамжылоого катышкан шайлоочулардын жарымынан көбү алдыдагы парламенттик шайлоодо кимге добуш берерин чече элек. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда "Жалпы иш" коомдук фондунун социологу Мадина Шаруфидинова билдирди.

Ал билдиргендей, август айында алдыдагы шайлоого карата телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Сурамжылоо 7 облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлүп, ага 1 миң 202 адам катышкан.

Сурамжылоого катышкардардын 58%ы "эртең шайлоо болсо кимге добуш берет элеңер?" деген суроого жооп бере алган эмес.

Ошондой эле 15%ы кайсы партияны шайлоону биле турганын, 14%ы баарына каршы добуш берерин айтышкан. Сурамжылоого катышкардардын 10%ы жооп берүүдөн баш тартса, 2%ы шайлоого барбай турганын билдиришкен.

Аймактар боюнча алганда Бишкекте сурамжылоого катышкандардын 43%ы кимге добуш берерин билбей турганын айткан, Ошто- 55%ы, Чүй облусунда - 50%ы, Талас облусунда - 56%ы, Ош облусунда - 70%ы, Нарын облусунда - 63%ы, Ысык-Көл облусунда - 64%ы, Жалал-Абад облусунда - 57%ы, Баткен облусунда - 62%ы.

Пикир

Оставить комментарий