• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Улуу Британия парламентинин Общиналар палатасынын тѳрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.24./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешин төрагасы Нурланбек Шакиев Лондон шаарында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын тѳрагасы Линдси Харви Хойл менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстандын тышкы саясатында Улуу Британия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоо артыкчылыкка ээ экенин белгиледи.

“Айрыкча, Жогорку Кеңеш үчүн Улуу Британиянын парламентаризм жаатындагы тажрыйбасы чоң үлгү. Андыктан, демократиялык баалуулуктарды жактаган өлкөнүн башкы бийлик бутагы катары сиздер менен жакындан иш алып барууга кызыкдарбыз. Акыркы жылдары депутаттарыбыздын ортосунда жолугушуулар байма-бай өтүп, жигердүү кызматташып келебиз. Ал эми бул парламенттик делегациянын тарыхый иш сапары мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз”, – деди ал.

Ушундай эле пикирге токтолгон Общиналар палатасынын тѳрагасы Линдси Харви Хойл бул жолугушуу жемиштүү кызматташтыктын башталышы экенин кошумчалап: “Сиздин бул расмий сапарыңыз биз үчүн өтө маанилүү”,– деди.

Муну менен катар Улуу Британиянын айыл чарба тармагында эмгектенип жаткан кыргызстандыктардын ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, өз өлкөсүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

“Кызматташтыкты арттырууга өбөлгө түзө турган мүмкүнчүлүктөр өтө арбын. Андыктан, билим берүү, айыл чарба, тоо кен, кайра иштетүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, соода-экономикалык алакаларды чыңдоо менен чоң жетишкендиктерге жетишебиз”, – деди Линдси Харви Хойл.

Андан тышкары, Улуу Британиянын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинин тѳрайымы Алисия Кернстин Кыргызстандагы иш сапары ийгиликтүү болгонун эске салган Линдси Харви Хойл: “Алисия Кернс айым Кыргызстанга Борбор Азиядагы эң демократиялык өлкө катары баа берип, сөзсүз кызматташуу керектигин айтып келди”, – деди.

Ошондой эле дүйнөдөгү кырдаал тууралуу да сөз кылган Общиналар палатасынын Тѳрагасы Кыргызстан туруктуулукту жана тынчтыкты коргоо жаатында да өз салымын кошоруна ишенерин билдирди.

Ал эми Төрага Нурланбек Шакиев кыргызстандыктардын Улуу Британияда эмгектенүүсүнө түзүлгөн шарт жакшы экенине өзү күбө болгонун билдирип, бул жааттагы көрсөтүлүп жаткан колдоолорго ыраазычылыгын айтты.

Мындан сырткары, жолугушууда инвестиция жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы гидроэнергетика жана тоо кен иштетүү тармактарында Кыргызстандын потенциялы чоң экенин билдирип: “Акыркы жылдары ири реформалар ишке ашырылып, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Айрыкча инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттарды жакшыртуу жаатында алгылыктуу иштер аткарылды. Андыктан, Улуу Британиянын инвесторлорун Кыргызстанда иш алып барууга чакырабыз”,– деди.

Айтылган бардык сунуш-пикирди эске аларын белгилеген Общиналар палатасынын Тѳрагасы Линдси Харви Хойл тиешелүү комитеттерге тапшырмалар берилип, керектүү иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады. Анын ичинен экологияга зыян алып келбеген заманбап технологияларды Кыргызстандагы өндүрүштөрдө колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Жолугушуунун соңунда Төрага Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Пикир

Оставить комментарий