• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Абдыш-Ата" АФК Кубогунун плей-офф баскычынын алкагында "Тайчунг Футурону" жеңди

Спорт 0

Бишкек, 06.03.24./Кабар/. Ата мекендик "Абдыш-Ата" клубу бүгүн 2023/2024 АФК Кубогунун интерзоналдык финалынын алкагында кытайлык Тайбэйдин "Тайчунг Футуро" клубуна каршы ойноду.

Беттеш Д.Өмүрзаков стадионунда орун алды.

Канттык клуб атаандаштарды 5-0 эсеби менен утуп алды.

Голдун авторлору – Кайрат Жыргалбек уулу (14'), Эрнист Батырканов (45+1'), Магамед Узденов (84'), Мирбек Акматалиев (86'), Теймур Чарыев (89').

Клубдар ортосунда жооптук беттеш 13-мартта Гаосюн шаарында (Кытайлык Тайбэй) өтөт.

Аталган жуптун жеңүүчүсү турнирдин интерзоналдык финалына жолдомо алат.

14-мартта интерзоналдык жарым финалда ойной турган Индиянын "Одиша" менен "Централ Кост Маринерс" (Австралия) командалары "Абдыш-Атанын" кийинки баскычтагы потенциалдуу атаандаштары болуп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий