• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Венгрияда окуп жана эмгектенип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Венгриядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөдө иштеген мекендештер жана билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда билим берүү тармагына жана миграциялык саясатка тиешелүү маселелер талкууланып, кыргыз жарандары үчүн Венгрияда түзүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев Кыргызстан Венгрия менен бардык багыттагы алакаларды арттырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, анын ичинен билим берүү тармагындагы кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

«Венгрияда окууну каалаган кыргызстандыктар үчүн жыл сайын 200 орун бөлүнөт. Бул жаштарыбыздын Европа стандарттарына ылайык жакшы билим алуусуна жардамчы болуп, эки элге данакер болгон мыкты адистердин чыгышына өбөлгө түзүүдө. Буйруса ушул жактан билим алган уул-кыздарыбыз Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө өз салымдарын кошот деген ишеничтемин», - деди төрага.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде билим алган студенттерди иш менен камсыздоо маселесине байланышкан жагдайлар талкууланды.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары мамлекет тарабынан жаштарды чет жерде окутууга тиешелүү программалар жана долбоорлор иштелип чыкканы менен аларды кайра Кыргызстанда иш менен камсыздоодо көйгөйлөр болгонун айткан төрага: «Айлык маянанын төмөндүгү негизги тоскоолдуктардын бири болчу. Ага ылайык, акыркы жылдары жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджеттик мекемелерде жана мамлекеттик кызматтарда иштегендердин айлык маянасын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык тармактарда реформалар жүргүзүлүп, билимдүү жана тажрыйбалуу адистерге артыкчылык берилүүдө. Андыктан, жакшы билим алып, чет жердин алдыңкы тажрыйбаларын өздөштүрүп, мекенибизге барып кызмат кылгыла. Кыргызстандын келечеги силерсиңер», - деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдой тургандыгын айткан Нурланбек Шакиев: «Мыкты окуп, эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан окуучуларга ар дайым көңүл буруп, шыктандырып келем. Жакында эле Казакстанда өткөн эл аралык олимпиададан байгелүү кайткан балдарды кабыл алып, кийинки жылдан тарта ошол мелдешке катышкан окуучулардын ичинен чет жерде окууну каалагандар болсо ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүнү убадаладык. Анткени билимдүү коом менен гана өнүккөн өлкөнү кура алабыз», - деп кошумчалады.

Жолугушууда миграциялык саясатка жана эмгек мигранттарына тиешелүү маселелер да көтөрүлүп, аталган жаатта жасалып жаткан иштер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий