• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шарджа “Дүйнөлүк китеп борбору” аталды

Маданият 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова Консультациялык комитеттин сунушу менен 2019-жылы Шарджа шаарын “Дүйнөлүк китеп борбору” деп атады. Комитеттин жыйыны Гаагадагы эл аралык китепкана ассоциациясынын штаб-квартирасында өткөн.

Эл аралык басып чыгаруучу ассоциациясынын (IPA-ИОЮ) өкүлдөрүнөн турган тандоо комитети эл аралык китепканалар ассоциациясынын федерациясы (ИФЛА) жана ЮНЕСКО менен биргеликте Шарджа шаарын инновациялык жана инклюзивдик мүнөзүн жана анын коомчулукка багытталган иш чараларынын программаларын эске алуу менен тандаган.

“Сиздер Шарджада окуңуздар” аттуу программа 7 негизги темага бөлүнгөн: тилектештик, окуу, мурас, китепке болгон кызыгууну өнүктүрүү, китеп чыгаруу жана жаштар, ошондой эле,оюн эркин билдирүү, жаш акындардын сынагы, семинар-тренингдер камтылган.

Шаардын максаты Бириккен Араб Эмирлигинде китеп окуу маданиятын жайылтуу, араб өлкөлөрүнүн облустарында жана аймактарында адабий чыгармачылыктагы айрым маселелерди чечүү үчүн жаңы идеяларды демилгелөө болуп эсептелет.

Мындан тышкары бул шаарда китеп чыгаруу, басма жана материалдарды жарыялоо боюнча алгачкы эркин аймак ачылат. Ал жер басмакана тармагында эмгектенген ишкана мекемелердин талабына жооп берген кызмат көрсөтүү аймагына айланат.

Дүйнөлүк китеп борбору наамы Шарджага 2019-жылдын 23 апрелинде, тагыраагы “Дүйнөлүк китеп күнүндө” өткөрүлүп берилмекчи.

Ар жылы “Дүйнөлүк китеп борбору” аталган шаар бир жыл боюу китеп окууну жайылтуу багытында иш алып барат.

Шарджа “Дүйнөлүк китеп борбору” деп тандалган 19-шаар. Буга чейин “Дүйнөлүк китеп борбору” наамын Мадрид, Александрия, Нью-Дели, Антверпен, Монреаль, Турин, Богота, Амстердам, Бейрут, Любляна, Буэнос-Айрес, Ереван, Бангкок, Порт-Харкорт, Инчхон жана Вроцлав шаарлары алган.

Пикир

Оставить комментарий