• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шаршенова: Санариптик эгемендик жана киберкоопсуздук маселеси азыр өтө актуалдуу

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө.

Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашат. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерин козгоп, ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова сөз сүйлөп, ЕАЭБ өлкөлөрүндө санариптик эгемендик күн тартибинин борборуна айланып бараткандыгын билдирди.

“ЕАЭБ алкагында аймактык деңгээлде интеграциялык процессте активдүү иш алып баруу зарыл. Санариптик суверенитетти камсыздоо интеграциялык системанын деңгээлинде гана мүмкүн. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 процесс интеграцияланган, бирок 34 процессти интеграциялоо милдети коюлган. Биз катышуучу өлкөлөр катары инфраструктуралык системанын эгемендүүлүгүн жөнгө салууда бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Бардык мүмкүн болгон жагдайларды чечүү үчүн улуттук IT-компанияларды тартуу зарыл”, - дейт Шаршенова.

Министрдин орун басары улуттук деңгээлде кызыкчылыктарды коргоо менен аймактык деңгээлде маалымат алмашууну камсыздоо ортосунда тең салмактуулукту табуу керектигин кошумчалады.

“Киберкоопсуздуктун айрым пункттарын көз жаздымда калтырбоо керек. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен аймактык деңгээлде киберкоопсуздукка чоң маани берүү зарыл. Санариптик эгемендик жана киберкоопсуздук маселеси азыр өтө актуалдуу”, - деди ал.

Белгилей кетсек, экономикалык форум Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында быйыл төрагалыгынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтүүдө.

Экономикалык форумга катышуу үчүн интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болгон 2500дөн ашык адам катталды.

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий