• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар Кеңешинин кезектеги жыйыны Душанбеде өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 18.09.18. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар Кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйыны октябрда Душанбеде өтөт. Азырынча жыйындын так күнү тууралуу маалымат жок.

14нөн 17-сентябрга чейин Пекинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин улуттук координаторлорунун жыйыны болду.

Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү алдыда Душанбеде өтө турган ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар (премьер-министрлер) Кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий