• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Си Цзиньпин Кыргызстандын элин жана президент Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 28 жылдык мааракесине байланыштуу Кытайдын өкмөтү жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Сиз аркылуу дос Кыргызстан элин чын жүрөгүмдөн куттуктап, жакшы каалоо-тилектеримди билдирем.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Сиз Кытайга келип, “Бир алкак, бир жол” Эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышып кеттиңиз. Мен июнь айында Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен барып, Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катыштым. Сапарымдын алкагында жемиштүү жолугушуулар өткөрүлүп, кеңири консенсустарга жетишип, кытай-кыргыз достук кызматташтыгы үчүн эбегейсиз келечекти чогуу белгиледик. Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң көңүл буруу менен кытай-кыргыз ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өлкөлөрүбүз жана элибиз үчүн жаңы тепкичке чыгарууга Сиз менен биргелешип аракет жасоого даярмын. Достук мамиледеги Кыргызстанга гүлдөп өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт жана бакубаттулукту каалаймын», — деп айтылат КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий