• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө - КЭР элчиси

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Ал белгилегендей, Си Цзиньпиндин сапары июнь айынын ортосуна белгиленип, ал Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги отурумунун алкагында болуп өтөт.

Ду Дэвэнь КЭРдин төрагасы келээрден мурда Бишкекке Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрү келерин билдирди.

"Өткөн аптада Бишкекке Кытайдын коргоо министри келди. Дагы КЭРдин коомдук коопсуздук министри жана тышкы иштер министри визит менен келет. Ар бири визитте, төрага Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында сөз боло турган документтер каралууда", - деди ал.

Аны менен катар элчи, мамлекеттик сапар маалында ар кыл тармактар боюнча бир топ документтерге кол коюларын кошумчалады.

Маселен, ал белгилегендей, Кытайды Кыргызстанда инфраструктура жана элдин байгерчилиги багытындагы долбоорлор кызыктырат. Элчи мисал катары, Оштогу заманбап оорукананын ачылышына катышканын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий