• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү

Саясат 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин саясий кеңешмелеринин кезектеги раундунун алкагында эки тараптуу кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү. Кыргыз делегациясын – тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Өзбекстандын делегациясын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жетектеди.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы саясий байланыштардын жогорку деңгээлин жана эл аралык аренада натыйжалуу кызматташууну баса белгилеп, саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнүн формаларын өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына тарыхый маанисин таанып, делегация башчылары кылымдардан бери калыптанган бекем достук, ынак коңшулук, өз ара урматтоо салттарынын негизинде кыргыз-өзбек баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министрлер эл аралык уюмдардын алкагында эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча эки өлкөнүн маанилүү глобалдык демилгелерин жана сунуштарын өз ара колдоонун калыптанган практикасын жогору баалашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн калкынын бакубаттуулугунун деңгээлин сактоого багытталган эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле транспорт-логистика, суу-энергетика, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана консулдук чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлер тийиштүү Протоколго кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий