• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 11.11.23./Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-пакистан достугуна жана соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Анын айтымында, комиссиянын буга чейинки 3-жыйынынан бери 7 жыл өттү, бул комиссиянын ишиндеги кыйла узак тыныгуу болуп саналат.

«Буга байланыштуу Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле көп жылдар бою топтолгон өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилегим келет. Биз жаңы келечектүү максттарды аныктап, өз ара аракеттешүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишенем. Мен тараптарды кызматташуунун бардык алгылыктуу чөйрөсү боюнча өз ара аракеттенүүнүн жаңы, оптималдуу багыттарын табуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого чакырам», - деди ал.

Эдил Байсалов эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилерине, атап айтканда өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолду. Ал адал-индустрия тармагындагы кызматташууну актуалдуу багыт катары белгилеп, пакистандык тарапка адал аккредитация маселелери боюнча, анын ичинде окутуу жана биргелешкен баалоо аркылуу тажрыйба алмашууга макулдугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле туризм, маданият жана спорт, ошондой эле телерадиоберүү тармагында кызматташууну арттыруу боюнча иштерди улантууну сунуштады, бул эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды жана достукту чыңдоого гана эмес, ошондой эле эки өлкөнүн маданий жана руханий баалуулуктарын сактоого жана жайылтууга чоң салым кошот. Ал Кыргызстан менен Пакистандын университеттери менен илимий уюмдарынын ортосунда билим берүү тармагындагы байланыштарды тереңдетүү боюнча иш-чараларды улантууну сунуштады.

Пакистан Ислам Республикасынын делегациясынын башчысы, энергетика министри Мухаммад Али өз кезегинде меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал пакистандык тараптын эки республиканын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду: Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын протоколу; Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбору менен Пакистан Ислам Республикасынын Илим жана технологиялар министрлигине караштуу Пакистандын Стандарттар жана сапатты көзөмөлдөө кызматы (PSQCA) ортосундагы Макулдашуу.

Пикир

Оставить комментарий