• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Матвиенко Жумабеков менен болгон жолугушууда: Мигранттар кыйналбашы үчүн эки өлкө тең кайдыгер карабашы абзел

Саясат 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Мигранттар кыйналбашы үчүн эки өлкө тең кайдыгер карабашы абзел, - деп билдирди Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган делегация менен жолугушуу учурунда.

Расмий иш сапарга чакырууну жылуу кабыл алган Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирген Валентина Матвиенко: "Кыргызстан Россия үчүн ишенимдүү өнөк боло алды. Парламенттер аралык кызматташтык эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келет. Эки тараптуу пикир алышканда ар дайым негизги маселе катары эмгек мигранттарына байланышкан маселелер талкууланат. Биздин өлкөдө эмгектенген мигранттар жакшы шартка муктаж. Бүгүнкү күндө биз баардык шарттарды түзүү аракетин көрүүдөбүз. Мигранттар кыйналбашы үчүн эки өлкө тең кайдыгер карабашы абзел",- деп билдирди.

Валентина Матвиенко ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө Федералдык Жыйындын Федерация Кеңеши өзгөчө даярданып жатканын айтты. Эки тарап мындан башка саясий алакалар, билим берүү тармагын өнүктүрүү, парламенттик кызматташтыкты бийик деңгээлге чыгаруу ойлорун ортого салды.

Эске салсак, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Россия Федерациясына расмий иш сапары менен кеткен. Делегациянын курамында Кыргызстандын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Зиядин Жамалдинов, Мухтарбек Айнакулов, Талант Мамытов, Данияр Толонов жана Бактыбек Турусбеков бар.

Пикир

Оставить комментарий