• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада Кыргызстан менен Армениянын ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Кечээ, 2-апрелде КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кыргыз-армян мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштуруу, ошондой эле ушул жылы биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда, тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги экинчи саясий консультацияларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Эл аралык актуалдуу маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Армениянын өз аракеттенүүсү, биринчи кезекте БУУ, КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүсү боюнча кылдат пикир алмашуу болду.

Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча кызматташтыкты өркүндөтүүгө умтулууларын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий