• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулук районунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти - видео

Кырсык 0


Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Сокулук районунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий