• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз айыл-чарба продукцияларын Катарга экспорттоо сунушталды

Саясат 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын соода жана ѳндүрүш палатасынын Вице-президенти Мохаммед Ахмед Туар Аль-Кавари менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрү тууралуу айтып, соода-сатык, айыл-чарба, тоо-кен, энергетика, туризм, инфраструктура багыттарында кызматташууну сунуштады. Ал кыргыз айыл-чарба продукцияларынын жогору сапатта жана арзан экендигин баса белгилѳѳ менен аларды Катар Мамлекетине экспорттоону сунуш кылды.

Ошондой эле, тараптар 2018-жылы аткарыла турган иш-аракеттерди талкуулашып, кыргыз жана катарлык ишкерлеринин ѳз ара карым-катнашын бекемдѳѳнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий