• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Барскоон айыл өкмөтүндө көпүрө курулду

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) өнөктөштөр менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Барскоон айыл өкмөтүндө көпүрө куруу боюнча долбоорду ишке ашырды.

Уюмдан билдиришкендей, долбоордун аркасында айыл тургундарынын жайыттарга өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп, мал чарбачылыгы үчүн шарттар жакшыртылды.

Узундугу 22 метр болгон көпүрө "Ала-Тоо Кемп" коомдук фондунун каржылык колдоосу менен курулду, ал эми БУУ ДАТП долбоордун катышуучуларына – аялуу үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүнө 4,914 тонна азык-түлүк берди.

БУУ ДАТП азык-түлүк коопсуздугу курч турган аялуу үй-бүлөлөргө коомдук инфраструктуралык объектилерди түзүү боюнча долбоорлор аркылуу колдоо көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий