• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соңку маалымат. Баткенде 135 үйдүн пайдубалы, 63 үйдүн дубалы курулууда

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткен облусунда кыйраган турак үйлөр калыбына келтирилүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Баткен жана Лейлек райондорундагы 135 турак үйдүн пайдубалы курулууда. Ал эми 171 үйдүн пайдубалы бүткөрүлүп, 63 үйдүн дубалынын курулушу жүрүүдө.

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Баткенде жалпы 661 үй жабыркаганы аныкталган. Тактап айтканда, Баткен шаарында 21, Баткен районунда 454, Лейлек районунда 186 турак үй кыйраган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө муктаж болгон. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү бир көпүрө жабыркаган.

Учурда 422 үй бузулду: ӨКМ тарабынан 387, жергиликтүү бийлик тарабынан 35 турак үй. Бир үй чек ара тилкесинде болгондуктан тазаланган жок.

Пикир

Оставить комментарий