• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сочи шаарында Евразиялык конгресс өз ишин баштады

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Россиянын Сочи шаарында Евразиялык конгресс`23 өз ишин баштады.

Конгресстин жүрүшүндө чек ара аралык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, Евразияда жаңы чарбалык түзүлүштү калыптандыруу жана санариптештирүүнү илгерилетүү, өнөр жайга инвестиция жасоо, транспорттук логистика жана суу-энергетикалык комплекси темалары талкууланат.

Ошондой эле 8-9-июнда ондогон өлкөнүн өкүлдөрү Евразия аймагынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүү маселесин талкуулайт.

Кыргызстандын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектейт. Конгресстин алкагында Евразиялык өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ортосунда гидроэнергетикалык долбоорлор жана Бишкекти өнүктүрүү программасы боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий