• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта багып берем деп алган малды сатып салган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Сокулук районунда жарандын малын багып берем деп, аны сатып салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук райондук милициясына арыз менен Т.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ушул жылдын жай мезгилинин башында Э. аттуу жаран арыз ээсинин бир тайын айына 1 миң сомдон багып берем деп алып, башка адамга сатып жибергени жазылган.

Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен катталып, иш козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Д.Э. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий