• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта эки эгиз кызды сабаган өгөй ата кармалды. Кыздардын апасы арыз жазуудан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Сокулук районунда эки эгиз кызды сабаган өгөй ата кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук ИИБнин башчысы Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, күн мурун аймактык милиция кызматкери 10 жаштагы эки эгиз кыздардын сабалгандыгы тууралуу билдирүү айткандан кийин дароо өгөй ата кармалган.

“Биздин аймактык кызматкер аталган фактыны аныктап, кыздарды ооруканага алып барган. Бизге кабар бергенде кызматкерлер шектүүнү кармашты. Учурда кылмыш иши козголду”, - деп кабарлады Курманкулов.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн билдирүүдөн кийин дароо милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, шектүүнү – эгиз кыздардын өгөй атасы 35 жаштагы Ш.А., аттуу жаранды кармашкан.

Ведомстводон кошумчалашкандай, кыздардын апасы арыз жазуудан баш тарткан, анын ордуна соцкызматкерлер жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий