• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Төрткүл жана Студенческий айылдарынын ортосунан агып өткөн Ат-Башы каналынан болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылган.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий