• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта унаа оңдоочу жайда өрт чыгып, эки спринтер күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунун Эркин-Тоо конушунда жайгашкан унаа оңдоочу жайда өрт чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаа оңдоочу жайдын 80 чарчы метри, ичиндеги шаймандары жана Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү эки унаа толук күйүп кеткен.

Жерине бир бөлүм тартылып, саат 20:39да өрт толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий