• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соода борборлору, машыгуу жайлары, бассейн жана мончолор. Бишкекте бир катар жайлар жабылат

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин Бишкек шаарында массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, бир катар имараттардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баардык маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чараларды өткөрүүго чектөө киргизилди. Баардык көңүл ачуучу борборлор: балдардын оюн аянтчалары, кафе-ресторандар, интернет-клубдар, коомдук тамактануучу жайлар, кинотеатрлар, театрлар, музейлер, көргөзмө залдар жана галереялар ишмердүүлүн токтотот.

Мэриядан билдиришкендей, кафе жана ресторандарда 50дөн ашык адамдардын отуруусуна тыюу салынат. Спорттук секциялар, коомдук мончолор, сауна жана бассейндер ишин токтотсун.

"Бардык жерде колду тазалоочу спорт кошулган антисептик каражаттары болушу керек. КР Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамасын толугу менен аткаруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий