• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий