• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков: Куралдуу Күчтөр – мамлекеттүүлүктүн тиреги

Президент 0

Бишкек, 23.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады,-деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Мекенди коргоочулардын күнү менен чын пейилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жаткан Мекенди коргоочуларга жана атуулдук парзын өтөп, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерибизге Мекенге арнаган кызматтары үчүн терең ыраазылык билдирем.

Бүгүнкү күн – тарыхый күн. Мындан 100 жыл мурда Кызыл Армия жана Аскер деңиз флоту түзүлгөн. Даӊктуу тарыхый жолду басып өткөн согуштун жана ооруктун ардагерлеринин көөнөрбөс салтын жаӊы муундун өкүлдөрү татыктуу улап келүүдө.

Куралдуу Күчтөр дайыма мамлекеттүүлүктүн тиреги болуп келет. Мекенди коргоо – бул Ыйык милдет. Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгы, жөндөмү улуттук коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана зор ийгиликтерди каалайм. Мекенибизди көз карегиндей коргоп, аскердик күжүрмөн даярдыгыңыздар дайыма бийик деңгээлде болсун!”,-деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий