• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа бекитилди

Президент 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Улуттук нарк – элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып, муундан муунга өтүп келген. Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы.

Нарк элдин бүткүл өнүгүү тарыхында өзгөрүп, адеп-ахлак менен толукталып жана байытылып, жаңы мазмунга ээ болууда, алардын айрымдары өз актуалдуулугун жоготууда, жашоо-турмуштун мүнөзүн аныктоо менен өзүн-өзү билүү маданиятын калыптандырууда, жашоонун маңызы жана улуттук баалуулуктардын таберик символуна айланып, элдин жок болуп кетүүсүн алдын алууда.

Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.

Маданияттардын ассимиляциясы, өзүнчөлүүлүктүн жоголушу тарыхтын белгилүү бир мезгилдеринде улуу империяларды жана кайталангыс маданиятты жараткан улуттук баалуулуктарды жоготууга алып келет.

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек.

Түзүлгөн кырдаалды жана коомдун руханий деградация болуусунун көйгөйлөрүн чечүү үчүн түшүндүрүү жана тарбиялоо иштерин системалуу жүргүзүү талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20, 21, 71-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 157 “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында токтом кылынат:

  1. 2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа (мындан ары ‒ Улуттук программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Улуттук программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

Улуттук программа

Пикир

Оставить комментарий