• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Сосновка" жана "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды

Коом 0

Бишкек, 07.06.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чектөө кечээ, 6-июнда саат 20:00дөн тартып күйүүчү май ташыган унаалар үчүн киргизилген.

“Чектөөлөр бүгүн саат 06:00дө толугу менен алынды. Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында чектөөлөр киргизилүүдө”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий