• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сот Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловду күнөөлүү деп таап, айып салды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, мамлекетттин эсебине айып төлөөгө милдеттендирилди.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы чечимине ылайык, Алымкулов А.Э. КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып жана ага VI категориядагы 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда 260 миң сом айыппул салынган.

Эскерте кетсек, мурдараак Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Аскер прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз баюу жана коррупция фактысы боюнча УКМКнын Бишкек шаары боюнча райондук бөлүмүнүн жетекчиси А.Ж. жана борбор калаанын мурдагы вице-мэри А.А. кармалган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, жогорку кызматтагы адамдар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка кызматтагылар менен бирге Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине басым жасаган. Шектүүлөр жер тилкелерин өздөрүнүн тааныш жактарына мыйзамсыз каттатууга мажбур кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий