• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонд: 2022-жылдын январь айында 769 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. КР Социалдык фондунун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь айында 769 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

- жазуу түрүндө кайрылуулар - 40;

- ооз эки кайрылуулар - 42;

- электрондук кайрылуулар - 22.

2022-жылдын январь айында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

- пенсияларды индексациялоо тууралуу;

- пенсияга укугу боюнча;

- пенсия чектөө, кайра эсептөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь айында 665 чалуулар ишеним телефон аркылуу келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий