• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Соцфонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.

Мыйзамда КР Социалдык фондунун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 982 454,9 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105 323 406,5 миӊ сом суммасында бекитилери каралган.

Мында Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 659 048,4 миӊ сом суммасында белгиленүүдө.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий