• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонддун колл-борбору беш айда 9 миңге жакын кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 8 миң 479 кайрылуу кабыл алган. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматынан билдиришти.

Майда 1 635 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1 220 кирген жана чыккан чалуулар.

Соцфонддун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий