• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Кулубаев «Кыргыздипсервис» ишканасына барды

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасына барып, жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрге ишкананын ишмердүүлүгү, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча, ошондой эле жакынкы келечектеги пландар тууралуу маалымат берилди.

Ж.Кулубаев дипломатиялык мекемелердин ишин камсыз кылууда «Кыргыздипсервис» ишканасынын маанилүү ролун белгилеп, көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү жана алардын сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди койду.

Ошону менен бирге министр чыгашаларды оптималдаштыруу жана ишкананын финансылык ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана ишкананын кирешесин көбөйтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Белгилей кетсек, жолугушуу Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ага караштуу уюмдардын иши менен таанышуунун алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий