• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар — Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда өзүм билемдик менен курулган 78 объект бар. Бул тууралуу коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин отурумунда Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен Бишкек шаарында - 36, Ош шаарында - 24, Жалал-Абад облусунда - 15, Чүй облусунда - 3 объект. Алардын негизги бөлүгү көп кабаттуу турак үйлөр болуп саналат.

Майтпасов билдиргендей, мындан тышкары, прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталгандай, бүгүнкү күндө Мамкурулуш агенттигинин карамагында курулуу стадиясында 492 социалдык объекти турат. “Алардын ичинен 117си узак мөөнөттөн бери жүргүзүлүп жаткан курулуш объекттери. Булар - 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттык сактоо, 11 маданият жана спорт, 4 башка объекттери. Бул объекттердин айрымдары боюнча курулуш иштери 2000-жылдары эле башталган”, - деди ал.

“Курулуу стадиясында турган 492 социалдык объектинин курулушун бүтүрүүгө баштапкы сметалык наркы 17 млрд 378 млн сомду түзсө, учурда ал объекттерди бүтүрүүгө алдын ала эсептөөлөр боюнча сметалык наркы 23 млрд сомдон ашык же болбосо 5 млрд 873 млн сом акча каражат кошумча каржылоо талап кылынат”, - деп билдирди Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий