• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиялык компаниялар кыргызстандык кызматкерлерди социалдык кепилдиктер менен камсыз кылууга даяр

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россиянын "Прайдекс" курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Москва жана Санкт–Петербург шаарларында жайгашкан компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын Россияда ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр экендигин билдиришти, ошол эле учурда татыктуу эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак жай жана тамак-аш менен камсыздоого кепилдик беришти.

"Кыргызстан Россия менен системалуу иштөөгө кызыкдар, биз эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгууга ниеттенүүдөбүз. Бүгүнкү талап жаңы шарттарды белгилейт. Россиялык компаниялар бул шарттарды эске алып, биздин жарандарды жогорку кепилдиктер менен камсыз кылышат, өз кезегинде биз Россия Федерациясына иштөө үчүн жарандарды тандоону уюштурууга даярбыз", - деди министр.

Россиялык делегациянын жетекчиси Руслан Феткрахманов кызматкерлерди сапаттуу жалдоо, аларды эмгек министрлигине караштуу көндүмдөрдү өнүктүрүү фондун тартуу менен окутуу жана Россияда андан ары ишке орноштуруу максатында Кыргызстанда өкүлчүлүктү ачууга кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий