• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы абасы эң кир шаарлар айтылды

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкекте өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын аймагында абасы кир шаарларды тизмектеп берди.

Анын айтымында, абанын булганышы ден соолук үчүн айлана-чөйрө менен байланышкан негизги коркунучтардын бири болуп саналат.

“Республиканын ири шаарларында атмосфералык абанын абалынын байкаларлык начарлашы консолидацияланган чараларды көрүүнү талап кылат. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын абасынын булганышынын булактары боюнча өз алдынча да, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирдикте бир нече изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок бул изилдөөлөрдүн натыйжалары бир топ айырмаланып турат, бул методологиялык ыкмалардын айырмачылыгын көрсөтүп турат жана абалдын толук айтылып жаткандыгына шек жаратат”, - деди ал.

Алсак, мурдагы жылдардагыдай эле эң булганган шаарлар болуп Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарлары саналат.

Пикир

Оставить комментарий