• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айнура Султанбаева Ысык-Көл облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Айнура Султанбаева президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Айнура Султанбаеваны жамаатка президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев тааныштырды.

Ага облус башчысы Алтынбек Сулайманов, мекемелердин жетекчилери жана облус активдери катышты.

Султанбаева Айнура Жолдошбековна 1974-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (экономика, финансы жана кредит) жана КР президентине караштуу Башкаруу академиясын (мамлекеттик башкаруу) аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий