• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базарбаев: Эртеңден тарта балдарга берилчү жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлөт

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 1-июндан баштап көбөйтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлөт, эгерде алар 810 сом алышса, эми алар 1 200 сомдон алышат. Ошондой эле жогорулатуу жардамга муктаж жарандардын башка категорияларына таасирин тийгизет", - деди министр.

Иш-чаранын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 200 балага уюштуруучулардын атынан белектер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий