• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамдирекция жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу иретинде тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Мамлекеттик дирекцияны тийиштүү тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүүсү, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук-техникалык жана башка чараларды көрүүсү тапшырылды.

Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана куруу; долбоордук уюмдарды тартуу менен социалдык-экономикалык жана административдик объекттердин шаар куруу жана долбоордук документтерин иштеп чыгууну жүзөгө ашыруу; Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу; социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди курууда энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды киргизүүнү, ошондой эле жогорку технологиялык материалдарды жана буюмдарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий