• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Социалдык фонддо пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча окуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Социалдык фонддун Окуу борбору мекемеси 2021-жылдын 3-июнунда Эсеп палатасынын кызматкерлерине, пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу максатында лекция өткөрүлдү. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келечектеги пенсияны түптөөгө, пенсиялык камсыздандырууга ишенимди арттырууга, заманбап маалыматтык система “электрондук өздүк кабинетин” колдонуу ыкмалары, пенсиялык топтоо каражаттарын мамлекеттик ипотекалык программага катышканда алгачкы төгүмдү каржылоого жана дарыланууга кандай негиздер менен алуу боюнча кеңири маалымат берилип, кызыккан суроолорго жооптор берилди.

Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтарды жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жеринде уюштуруу иш-чарасына 46 кызматкер катышты.

Мындан сырткары, атайын даярдалган буклеттер таркатылды. Ушундай лекциялар мындан ары да улантыла бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий