• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган чечим КР президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 «Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык КР мнистрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Буга катар мамлекеттик социалдык камсыздоону башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий