• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Социалдык камсыздандыруу боюнча мүчөлүк акыларды топтоо милдети Салык кызматына жүктөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеште социалдык камсыздандыруу топтомдорун башкаруу жүрүмүн жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“КР Социалдык фонду жөнүндө” мыйзамга, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга, КР Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Буга чейин социалдык камсыздандыруу боюнча мүчөлүк акыларды топтоо милдети Социалдык фонддон Салык кызматына өткөрүп берүү маселеси байма-бай козголуп келгендиктен, демилгечилер мыйзам долбоору аркылуу ал милдетти Мамлекеттик салык кызматына жүктөө демилгесин сунуштоодо.

Камсыздандыруу чегерүүлөрүн топтоону тескөөнү Салык кызматына өткөрүп берүү бир эле учурда ишкер субъектилери үчүн олуттуу мааниге ээ болгон бир нече маселелерди чечет, анын ичинде:

- отчеттук кайталоону четтетет (эки органдын ордуна отчетту бир органга берүү, отчетту берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү);

- эки органдын ордуна көзөмөлдөгөн бир органдын болушу, бизнести тескөө жүгүн жеңилдетет;

- иш жүзүндө эки эсе электрондук түрдө отчетту берүүдө ишкерлердин чыгымын төмөндөтүүгө алып келет;

- мамлекетте камсыздандыруу мүчөлүк акылары боюнча жана киреше салыгы боюнча отчетторду бир формага бириктирүүгө мүмкүнчүлүк жаралат;

- Социалдык фонд менен Салык кызматынын кайталанган иш милдеттерин бириктирүү салыктык жүктү андан ары макулдашып жеңилдетүүгө негиз болот;

- мамлекет камсыздандыруу каражаттарынын шектүү схемалар боюнча пайдаланылуусун чектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги жогорулайт.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев өздөрүнө караштуу мекемелердин баары санариптештирүү, аларды “Түндүк” долбооруна кошуп, башка мамлекеттик органдар менен байланыштыруу чаралары көрүлүп жатканын билдирди. “Акыркы жылдары социалдык камсыздандыруу боюнча үлүштүк төлөмдөрүн төкпөй калаткан жарандар менен юридикалык жактар арбын. Азыр аларды сот аркылуу төлөтүү чаралары көрүлүүдө”, - деди ал.

Ал эми Соцфонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов камсыздандыруу төлөмдөрүн топтоо милдети Салык кызматына өткөндүгүнө байланыштуу Соцфонддун 240 кызматкери ошол кызматка убактылуу жөнөтүлгөнүн билдирди. “Өткөн жылы Салык кызматы алардын арасында ачык сынак жарыялап, анын жыйынтыгында 84 кызматкерди өздөрүнө алып калды. Ал эми Соцфонд дагы 150 кызмат ордун кыскартканы турат”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Соцфонддун маалыматына караганда, азыркы учурда Кыргызстандагы пенсиянын орточо өлчөмү - 5600 сом.

Пикир

Оставить комментарий