• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соцтармактагы видео: Милиция ур-токмок жеген жана аны ургандардын өздүгүн тактады

Коом 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Социалдык тармактарда тараган видеодогу ур-токмок жеген жана аны ургандардын өздүгү такталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда белгисиз бир адам башка бир жаранды уруп жаткан видео тараган. Бул тууралуу маалымат агенттиктери да жазып чыгып, таяк жеген жаран мурда атайын кызматта иштегени айтылган.

Министрликтен билдиришкендей, бул окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүп, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Ал эми видеого түшкөн жана жабырлануучуга кол көтөргөн жарандардын өздүгү такталган. Алар Сузак районунун жана Таш-Көмүр шаарынын үч тургуну болушкан. Ошондой бул окуяга "Чач" каймана аты бар 31 жаштагы М. Э. аттуу жарандын уюштуруучу катары катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө. Ал жаран Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Ал эми, ук-токмок жеген жаран атайын кызматтын кызматкери болгон деген маалымат тастыкталган. Ал 15 жыл мурда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгында иштеген. Үч жылдан ашык иштегенден кийин кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн 2004-жылы кызматынан бошотулган.

Алдын ала маалымат боюнча, 7-май күнү жабырлануучунун үйүнө 7-8 киши келип, көчөдөн эч себепсиз ур-токмокко алган. Кол салгандардын бири бычак менен дагы бир бири ок атуучу курал менен коркуткан. Ал учурда, үчүнчүсү аны видеого тарткан.

Ошондой эле видеодо Сапар деп аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал жабырлануучунун классташы болуп чыккан.

Учурда, 266-берене (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Министрликтен билдиришкендей, бул окуя боюнча буга чейин милицияга эч ким кайрылган эмес. Тасма тарагандан кийин ал бирдиктүү реестрге катталган.

Пикир

Оставить комментарий