• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стамбулда ТМКК отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 12.11.21/Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) 8-Саммитинин жыйынтыгы боюнча Стамбул шаарында бир катар документтерге кол коюлду.

Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:

–Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү жөнүндө чечим;

- Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы;
- Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмунда байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;
- Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашын кабыл алуу жөнүндө чечим;
- Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы жөнүндө чечим;
– Түрк мамлекеттер уюмуна өнөктөш макамын белгилөө жөнүндө чечим;
–Түрк мамлекеттер уюмунун ардактуу төрагасынын укуктарын жөнгө салуу жөнүндө чечим;
- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө чечим;
- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
- Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Түрк инвестициялык Фондун түзүүнү жыйынтыктоо жөнүндө чечим.

Пикир

Оставить комментарий