• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров: Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы

Президент 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

""Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек.

Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун".
Ли Куан Ю (16/09/1923 - 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: "Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин...", — деп билдирүү калтырган президент.

Пикир

Оставить комментарий