• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 382 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июнга карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 184, Ош шаарында – 40, Чүй облусунда – 70, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 329 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 200, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда – 1 адам сакайды", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда 5 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 634 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 758 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 097 бейтаптын абалы орто оордукта, 429 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 674 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 581 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 105 миң 111 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 873 киши айыгып чыкса, 1 миң 815 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий