• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статком 2020-жылдагы өнүгүүнүн негизги багыттарын атады

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитети 2020-жылдагы өнүгүүнүн негизги багыттарын атады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Статкомдо мамлекеттик статистика органдарынын 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата милдеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Отурумга КР президентинин аппаратынын өкүлдөрү, Статкомдун ведомстволук, облустук жана шаардык мамлекеттик статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов 2020-жылдагы өнүгүүнүн негизги багыттарын атады.

Алар:

- республиканын жана анын региондорунун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларынын иш-чараларын аткаруу;

- үстүдөгү жылга статистикалык иштердин программасын ийгиликтүү жана сапаттуу аткаруу;

- 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана жыйынтыгын жайылтуу;

- "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.

Төрага билдиргендей, 2020-жылдын март айында боло турган эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жана анын жыйынтыгын жайылтуу иштери Улутсаткомдун маанилүү тапшырмаларынын бири болуп саналат.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, калкты каттоо биринчи жолу электрондук форматта жүргүзүлөт.

Коллегиянын жыйынтыгында мыкты кызматкерлеринин эмгеги бааланып, Улутстаткомдун жана аймактык статистикалык органдардын өкүлдөрүнө дипломдор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий