• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Эртең, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;

Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26 .

Эртең, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 23...25 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий